Коом

Президент Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы визасыз режим жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров 23-октябрда дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлерин визадан бошотуу боюнча Кыргызстан менен Словакия өкмөттөрүнүн келишимин ратификациялаган мыйзамга кол койду.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 24-сентябрында кабыл алынган. Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Словакиянын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга  25-апрелде Бишкек шаарында кол коюлган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги словак тарапка макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылышы жөнүндө кабарлоого тийиш. №228 мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button