Газга болгон карызды кечиктирбей төлөө эскертилди

Газга болгон карыздарын абоненттер мүмкүн болушунча эртерээк төлөөсү керек. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынан эскертет.
Маалыматта боюнча, «Акылдуу» (электрондук) эсептегич орнотулган абоненттерде эгерде карыздын айынан газ өчүрүлсө, аны кайра туташтыруу компаниянын гана атайын кызматкери тарабынан жүргүзүлөт, бул коопсуздук талаптарын сактоо үчүн маанилүү.
Газ арыз берилген күндөн тарта 3 иш күндүн ичинде кайра туташтырылат. Жылытуу мезгилинин башталышында кезек күтүүдөн жана ыңгайсыздыктардан сактануу үчүн, туташууга арызды кечиктирбөө сунушталат.
Газга болгон карызды кантип текшерсе болот?
жаратылыш газына болгон дүмүрчөк;
“Газпром Кыргызстан” мобилдик тиркемеси аркылуу;
gazprom.kg сайтындагы жеке кабинеттен;
сурап-билүү кызматынын 4444 кыска номери аркылуу (уюлдук телефондон чалуу акысыз).
Карызды компаниянын филиалдарында, ошондой эле «МБанк», «Оңой» жана «Бакай Банк» төлөм системалары аркылуу төлөсө болот.



