Коом

Эмил Тукаев КР Коргоо министрлигинин ЖККУдагы өкүлү болуп шайланды

Эмил Тукаев КР Коргоо министрлигинин Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) ыйгарым укуктуу өкүлү болуп шайланды. Бул тууралуу маалымат жыйынында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.

Анын айтымында, буйрукка кол коюлду, жакында Тукаев иш сапарга жөнөп кетет.

“Бердибек Асановго байланыштуу бир аз жаңылыштык кетти. Анын талапкерлиги КР Коопсуздук кеңеши тарабынан бекитилген эмес, ага карабастан Москвага сапарга жөнөтүлгөн. Бирок кийин анын адеп-ахлактык жана ишмердик сапаты туура келбегендиктен кайрадан артка жөнөтүлгөн”, — деди ал.

Белгилей кетсек, КР ЖККУдагы жаңы өкүлү буга чейин абадан коргонуу боюнча командачынын орун басары кызматын аркалаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button