Аалам сулуусу сынагы катышкан кыргыз кызы бүркүттүн кейипкери менен дүйнөнү таң калтырды

Эл аралык «Аалам сулуусу» сынагында кыргызстандык кыз бүркүттүн алтын образындагы улуттук костюмду көрсөтүп, баардыгын таң калтырды.
Мэри Кувакова сахнага алтын жана коло түстөгү жана декоративдик элементтери менен кооздолгон эбегейсиз зор канаттары бар кооз көйнөк кийип чыкты. Бул бейне эркиндикти, кайраттуулукту жана кыргыз элинин улуттук рухун чагылдырган жырткыч куштун күчүн жана асылдыгын баса белгиледи.
Костюмдун дизайнери Толгонай Абышкаева (Baira бренди) социалдык тармакта өзүнүн пикири менен бөлүштү:
«Мен жумушумду абдан жакшы көрөм, анткени мен ээсине кубаныч жана бүтүндөй өлкөгө сыймык тартуулаган сулуулукту жарата алам! Мэри азамат кыз, анткени ал костюмду абдан жакшы чагылдырган. Алтын бүркүттүн образын бийик көтөрүп чыкты»
Көрүүчүлөр жана социалдык тармактын колдонуучулары кыргызстандык аткаруучунун таасирдүү бейнесин активдүү талкуулап жатышат. Көптөр бул акыркы жылдары Кыргызстан дүйнөлүк аренада көрсөткөн эң күчтүү улуттук кийимдердин бири экенин белгилешет.



