Саясат

Грузиянын премьери Ираклий Кобахидзе Кыргызстанга келди

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе биринчи расмий сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Конокту “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол ротасы тизилди.

Белгилей кетсек, бул эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери Грузиянын өкмөт башчысынын Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий сапары болуп саналат.

Анын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуулар өтүп, кыргыз-грузин кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланары күтүлүүдө

Тектеш кабарлар

Back to top button