Саясат

Президенттикке барам деген биринчи талапкерден БШКга арыз түштү

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мурдагы мүчөсү Аймен Касенов биринчилерден болуп президентикке талапкерлигин койду. Ал бүгүн арыз менен кайрылганын Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Касенов буга чейин 2021-жылкы президенттик шайлоого дагы катышкан.

Талапкердин кичи мекени — Ысык-Көл облусу. Бирок Бишкек шаарында туулган. Экономикалык жана юридикалык билими бар.

Көбүнесе нефть жана күйүүчү май өндүрүү тармагында эмгектенип келген. 2007-жылдан тарта «Газпром Нефть — Тажикстан», «Газпром Нефть — Казакстан» компанияларында башкы директордун орун басары, башкы директор кызматтарын аркалаган. Кийин Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү болгон.

Алдыдагы президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. БШК талапкер болгусу келгендерден арыздарды ушул жылдын 13-ноябрына чейин кабыл алат.

Тектеш кабарлар

Back to top button