Окуялар

Бишкекте «Керемет Банктын» филиалы чак түштө тонолду (видео)

12-июнда болжол менен түшкү саат 13тө Бөкөнбаев менен Манас ( мурдагы Белинский) көчөлөрүнүн кесилишине жайгашкан  Керемет Банктын (Росин-банк) филиалына, медициналык беткап кийишкен  куралчан эки киши киришип, 2 миллион сомду тоноп кетишкен. Өтө профессионалдуулук менен иштешип, 2 минуттун ичинде тоногонго үлүгүрүшкөн. Филиалды оптимизациялоо максатында имаратты куралсыз комендант кайтарган. Кассир тоноо бүткөндөн кийин коркунуч кнопкасын дароо баскан.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-июнда саат 13:20 чамасында Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги банк тонолгону тууралуу маалымат түшкөн.

Болжолдуу маалымат боюнча, сөз «Керемет банк» тууралуу болуп жатат.

«Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жана ыкчам кызматкерлер жөнөтүлгөн. Бет кап тагынган белгисиз эки адам тапанча менен банктын имаратына кирип барган. Алар күзөтчүгө кол салып, кассадагы акчаны алышкан. Банктын кызматкери жардам чакыруучу баскычты басууга жетишип, 13 мүнөттөн кийин «Аякс» күзөт агенттигинин ыкчам реакция жасоо тобу барган.

Бул факт Жазык кодексиндеги 202-берене (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда келтирилген чыгымдын суммасы такталып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Тажрыйбалуу төргөөчүлөрдөн жана милиция кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлүп, издөө иштери жүрүп жатат.

https://youtu.be/zyG-sDye4_U

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button