Коом

Нарында жубайы жолдошун 5 күндөн бери издеп жатат

Нарында Сагынов Алмазбек Абдыжапарович дайынсыз болуп изелип жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.

12-ноябрь күнү Нарын шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 11-ноябрь күнү болжол менен саат 15:00 чамасында арыздануучунун жолдошу 1970-жылы туулган Сагынов Алмазбек Абдыжапарович Нарын шаарынын Мырзабеков көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугун билдирген. Аталган арыз 12-ноябрь күнү Нарын ШИИБге катталган.Кийген кийимдери: Үстүндө жашыл бос түстөгү талстовка, башында көк кепка, кара спорттук шым, бутуна көк спорттук бут кийим кийген.Белгилери: бою болжол менен 175-180 сантиметр, өңү кара тору, дене түзүлүшү орто, чачы кара ак аралаш кыска, бир кыйшык тиши бар.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөң болсо,(03522) 5-09-08; 0(707) 52 76 76 номурларына чалсаңар болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button