Дамира Ниязалиева ЖКга Бишкектин Ленин округунан депутат болот. Ким канча добуш алды — ТИЗМЕ

Кечээ Бишкек шаардык Ленин району боюнча Жогорку кеңешке талапкерлерди шайлоо болуп өттү. АСУ эсеби боюнча, Дамира Ниязалиева Жогорку Кеңешке шайлоодо жеңүүчү деп табылды.
Ага ылайык, Ниязалиева жалпы шайлоочулардын 35,83 пайызы же 6 242 адамдын добушун алды.
Шайлоочулардын 13,95 пайызы гана, башкача айтканда, 124 908 адамдын 17 423ү гана добуш берди.
Алдын ала эсеп боюнча ким канча добуш алганын төмөндөгү тизмеден көрүңүз:
Дамира Ниязалиева — 6 242 добуш (35,83 пайыз);
Улан Сариев — 2 070 (11,88 пайыз);
Эртай Искаков — 1317 (7,56 пайыз);
Акыл Айтбаев — 988 (5,67 пайыз);
Аттокур уулу Илимбек — 898 (5,15 пайыз);
Өмүрбек Суваналиев — 866 (4,97 пайыз);
Муктарбек Айткулов — 748 (4,29 пайыз);
Данияр Тербишалиев — 475 (2,73 пайыз);
Равшан Жээнбеков — 405 (2,32 пайыз);
Руслан Бекназаров — 404 (2,32 пайыз);
Турсунбай Бакир уулу — 379 (2,18 пайыз);
Баарына каршы — 376 (2,16 пайыз);
Салтанат Сагидаева — 326 (1,87 пайыз);
Айбек Субанов — 286 (1,64 пайыз);
Темир Эмилов — 211 (1,21 пайыз);
Ажыбек Касмалиев — 209 (1,2 пайыз);
Максат Кунакунов — 204 (1,17 пайыз);
Андрей Скорняков — 170 (0,98 пайыз);
Таалайгүл Айдаралиева — 151 голос (0,87 пайыз);
Эльдар Мадылбеков — 121 (0,69 пайыз);
Мирлан Камбаров — 90 (0,52 пайыз);
Аким Маликов — 68 (0,39 пайыз);
Бактыбек Рысалиев — 60 (0,34 пайыз);
Акин Токталиев — 57 (0,33 пайыз);
Сарылдык уулу Илгиз — 44 (0,25 пайыз);
Эркин Булекбаев — 39 (0,22 пайыз);
Карачач Исмаилова — 34 (0,2 пайыз);
Кубанычбек Макешов — 28 (0,16 пайыз);
Бакыт Керимбеков — 24 (0,14 пайыз);
Гүлшат Тазабекова — 17 (0,1 пайыз).
Жаңы депутат тууралуу эмне белгилүү?
Ал 63 жашта, Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Арал айылында туулган;
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, вице-премьер болгон;
2010-жылы Убактылуу өкмөттүн учурунда саламаттык сактоо министринин милдетин аткарган;
Медициналык билими бар, фармакология жаатында бизнес менен алектенген;
Учурда Элдик курултайдын төрагасынын орун басары.
Белгилей кетсек, шайлоого шаардыктардын 13,95 пайызы гана катышты.



