Коом
ИИМдин ардагерлери президенттин колунан сыйлык алышты

2023-жылдын 28-декабрында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн сыйлыктарды тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өзгөчө салымы үчүн мурдагы ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Бакирдин Субанбеков менен ИИМдин Катчылыгынын башчысы милициянын полковниги Абдиш Коомбаевге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Бул иш-чарага Кыргызстандын көрүнүктүү өкүлдөрү, ар кыл тармакта эмгектенген инсандар чогулду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен сыйланышты:
- III даражадагы «Манас» ордени менен коомдук ишмер, мурдагы ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Бакирдин Субанбеков;
-«Даңк» медалы менен ИИМдин Катчылыгынын башчысы милициянын полковниги Абдиш Коомбаев.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги Кыргыз Республикасынын мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Бакирдин Субанбековду жана ИИМдин Катчылыгынын башчысы, милициянын полковниги Абдиш Коомбаевди мамлекеттик сыйлыктарды алышы менен куттуктап, аларга бекем ден-соолук, бакубат жашоо жана жакшы маанай каалайт.



