Коом

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч тик учак, 700 техника менен толукталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч тик учак, 700 техника менен толукталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Республикалык бюджеттин эсебинен:

  • Airbus H-125, H-145 үлгүсүндөгү тик учактар;
  • 20 автобус, 20дан ашуун оор жана жүк ташуучу унаалар, 10дон көп жол тандабас унаа;
  • 58 өрт өчүрүүчү унаа Дүйнөлүк банк аркылуу жаңыланды.

Ал эми гранттык негизде:

  • Кытайдан 100 өрт өчүрүүчү жана 38 унаадан турган эки мобилдүү госпиталь;
  •  Россиядан 40 өрт өчүрүүчү унаа, бир Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү көп максаттуу тик учак;
  • Түркиядан бир катер алынган.

Ошондой эле Түштүк Корея, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана башка ушул сыяктуу уюмдардан куткаруучу, жүк ташуучу жана жеңил унаалар келген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button