Коргоо министрлигинен 4-майдан 9-майга чейин пландалган иш-чаралар тууралуу айтып беришти

Коргоо министрлигинен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын белгилөө үчүн ведомство тарабынан өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу айтып беришти.
Ага ылайык:
— 4-майдан 9-майга чейин республиканын бардык аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун эстеликтерине гүлчамбарлар коюлат;
— 5-майда «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык кеңеши» коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн «Жеңиш ырлары» аттуу ураан астындагы авто жүрүшү өтөт;
— 6-майда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин – КР Коргоо министрлигинин аскердик башкаруу органдарынын жетекчилери тарабынан даректүү куттуктоосу уюштурулат;
— 6-майда Бишкек гарнизонунун аскерлеринин Жеңиш аянтындагы 9-майдагы иш-чараларга карата даярдыктары (машыгуулары) өткөрүлөт;
— 8-майда Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги курал-жарактардын жана аскердик техникалардын үлгүлөрүн Жеңиш аянтына алып чыгуу жана «жоокер кашасын» даярдоо үчүн талаа ашканаларын жайгаштыруу болот;
— 9-майда таң эрте Бишкек гарнизонунун аскерлери согуш жылдарындагы ырларды аткаруу менен Чүй проспектиси боюнча (Т.Молдо көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин) өтүп, андан кийин Жеңиш аянтына чыгышат. Ал жерде митинг-реквием жана боштондукка чыккан жоокерлердин мемориалдык комплексине гүлчамбарлар коюлат.
Иш-чара аскерлердин салтанаттуу өтүүсү менен аяктайт.



