Коом

Ак-Ордо конушунда 280 орундуу бала бакча курулууда

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда бала бакча курулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2 кабаттуу, 280 балага ылайыкталган. Жер участогунун жалпы аянты 0,83 гектарды түзөт. Мекемени газ менен жылытуу каралган.

Имаратта таратуучу ашкана, буфет, уктоочу, жуунучу, оюн, кабыл алуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, бөлүм башчынын кабинети, музыкалык, гимнастикалык зал, тазалык түйүмдөрү жана техникалык жайлар жайгашат.

Учурда имараттын темир-бетон каркасы толук бүтүп, чатырын жабуу, кирпич дубалдарды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button