Спорт

Айсулуу Тыныбекова Нурбек Изабековго Бишкектен батир белек кылды

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабековго батир белек кылды. Бул учурдун видеосун спортчу Instagram баракчасына жарыялады.

Белгилей кетсек, 18-март күнү КТРКда «Нурбек агай» аттуу даректүү тасманын бет ачары болгон. Анда Изабеков машыктырган спортчу кыздар сөз сүйлөп, машыктыруучуга ыраазычылык билдиришкен. Айсулуу Тыныбекова да Изабековдун эмгегин баса белгилеп, ага батирдин ачкычын тапшырган.

«Мага спортчу катары тарбия берип, ошол эле учурда адам болууга бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн билимин берип келет. Мен кыйналганда өз үйүнөн бөлмө берген. Азыр болсо агайга Бишкектен батирдин ачкычын берейин деп турам. Нурбек агай бардыгына татыктуу», — деди Тыныбекова.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button