УКМК: «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» уюмунун мүчөлөрүн андан баш тартуу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу чарасынын жыйынтыгы

2023-жылдын 25-августунда КР УКМК кызматкерлери тарабынан «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү А.М.М., К.Р.А. жана Т.М.Э.ге карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынгандыгы жана ага катышууга Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен жоопкерчиликке тартылаары маалымдалган.
Ошентип, УКМК тарабынан көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында К.Р.А. жана T.M.E. , А.М.М аттуу жарандар тандап алган диний багыты жаңылыш экенин түшүнүү менен, алар зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартышты. Алар башка жарандарды да «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик диний уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты.
Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын жана анын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн андан ары аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.



