Коом

Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинанын эки дозасын алгандар 518 миңден ашты

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 12 миң 409 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 913 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 496 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 731 миң 693 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 518 миң 257 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button