Дүйнө
Тез жугуп, тез айыгат. Улуу Британияда коронавирустун жаңы мутациясы табылды

Улуу Британиянын Саламаттык сактоо агенттиги өлкөдө COVID-19 омикрон штаммынын жаңы мутациясы табылганын жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Республикалык штабынан билдиришти.
Британиянын Саламаттык сактоо агенттигинин маалыматы боюнча, XE коронавирустун жаңы варианты — рекомбинант деп аталган BA.1 жана BA.2 штаммдарынын мутациясы.
“Изилдөөлөр көрсөткөндөй, омикрон-XE таралышы стелс-омикронго караганда 9,8 пайызга жогору. Башкы медициналык кеңешчиси профессор Сьюзен Хопкинс рекомбинанттык варианттар сейрек кездешерин жана адатта «салыштырмалуу тез» жок болуп кетерин айтат”, — деп айтылат маалыматта.



