Коом

Коомдук тартипти бузган шектүүлөр кармалды

2024-жылдын 18-19-октябрь күндөрү Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлорунун тамактануучу жайларында, азиат улутундагы белгисиз адамдар, коомдук жайда өзүн алып жүрүү эрежелерин одоно бузушуп, “Бойкот”- деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп, күзөт кызматкерлеринин талаптарына баш ийбестен, коомдук жайга бүлүк салып, коомчулукка жат көрүнгөн аракеттерин жазашып, интернет тармактарында өздөрүнүн аккаунттарына жарыялашкан.


Аталган факт боюнча, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында, 1995-жылы туулган К.А., 2000-жылы туулган Ж.С., 2000-жылы туулган К.Б., 1998-жылы туулган Т.И., аттуу шектүүлөр аныкталып кармалып, борбордук милициянын кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерлери менен биргеликте Свердлов РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, териштирүү иштери башталган.

Тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button