Коом
Бишкекте Sky Park Baytik оюн-зоок паркы ачылды

Ага минкаб башчысы Адылбек Касымалиев катышып, балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.
Долбоорго 1 млрд сом инвестиция тартылып, 200 иш орду түзүлгөн. 4,5 гектар аянтта 17 аттракцион, балдар аквапаркы, кичинекей балдар аянты (10 жашка чейинки балдар үчүн), батут аянты жана VR-аймагы (виртуалдык реалдуулук) бар.
Паркта ыңгайлуу кирүү системасы, эс алуу аймактары, санитардык түйүндөр жана фудкорттор камтылган. Келечекте аймагында амфитеатр, музейлер, көргөзмө залдары, фестивалдар жана концерттер үчүн ачык асман алдындагы сахналар курулары белгиленди.



