Спорт

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Гвинеяга утулуп калды

Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Экватордук Гвинея менен беттешкенин Кыргызстандын футбол союзу билдирди.

Беттеш 1:0 эсебинде африкалык команданын пайдасына аяктады. Гол 40-мүнөттө пенальтиден киргизилди.

Бул кыргыз курамасы үчүн африкалык команда менен болгон алгачкы беттеш болду.

Кыргызстан курамасы учурда Түркияда машыгууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button