ВИДЕО: Кумтөр коомдук өнүктүрүү долбоору айылдык айымдарды иш менен камсыздады

Кумтөр коомду өнүктүрүү долбоору Ысык-Көл облусунун райондорунда эмгектенген ишкерлерге колдоо көрсөтүп, ондогон үй-бүлөлөр үчүн эмгек миграция маселеси чечилди.
Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун айылдарында ишке ашчу долбоорго ылайык 60 жаңы орундук жаңы жумушчу орундар түзүлдү.
Жаңыдан башталып, каражаттын жетишсиздигинен максатына жете албаган ишкер айымдарга атайын тигүүчү цех ачып берген. Бул аялдардын айтымында адегенде 3 гана тигүүчү машинасы болгон. Кийим тигүүчү цехтин жетекчиси Элмира Исмаилова Кумтөр алардын ишин кеңейтүүгө чоң жардамын бергенин айтат.
Цехти чоңойтуп алгандан кийин атайын чоңураак үйгө көчүп келген. Мурда Элмира айым өзү тиксе, эми тигилген кийимдерди гана көзөмөлдөп, тигүүчүлөрдү иштетет. Учурда бул цехте он аял эмгектенет. Алар буга чейин өз айылында иш жок болгондуктан чет өлкөлөрдө акча табуу үчүн иштеп келишкен экен.
Азыр бул цех бир күндө 100 трикотаж футболкаларды тигип чыгарышат. Алар Россияда белгилүү бренддин тапшырмасы менен тигип жатышат.
“Кумтөр” жана “Инсан” коомдук фонддорунун жардамы менен Элмира айым азыркы тапта цехти кеңейтип, кошумча жумуш орундарын камсыздоого мүмкүнчүлүк алды.
-Кумтөр бизге атайын тигүүчү машиналарды берди. Мен мынча машиналарды өз каражатыма сатып алууга мүмкүнчүлүгүм жок эле, — дейт Элмира Исмаилова.
Анын айтымында баардык кызматкерлер айылдын четинде жашашат. Элмира айымдын айтымында ага күн сайын жумушка орноштурууга суранган аялдардын саны көп болгон. Азыр бул ишканада иштеген аялдардын туруктуу айлык маяналары бар.
Техникаларды сатып алуу үчүн гранттан тышкары Кумтөр компаниясы бизнес жетекчилери үчүн атайын окуу да уюштурган.
Кумтөр ишти алдыга жылдыруу үчүн ар бир ачылган ишканага консультанттарды да бекитип беришкен.
Эми айылда иштегендер чет өлкөгө чыгып, тиричилик кылуу түйшүгүн тартышпайт. Жумуш айылда бар!



