Кыргызстанда онкология менен күрөшүү боюнча жеке клиникалардын мүмкүнчүлүктөрү кеңейди

2025-жылдын май айында Кыргызстанда онкология менен күрөшүү боюнча жеке клиникалардын мүмкүнчүлүктөрү кеңейген
Онкологиялык ооруларды дарылоо мүмкүнчүлүгү көптөгөн бейтаптарга жакындай түштү жана мамлекеттик медициналык мекемелердин жүгүн азайтууга өбөлгө түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, жеке сектордогу лицензиялануучу медициналык ишмердик түрлөрүнүн тизмесине онкология, паллиативдик жардам, медициналык реабилитация жана абилитация кошулган. Реформанын маңызы — лицензия алуу процессиндеги ашыкча тоскоолдуктарды жана укуктук карама-каршылыктарды алып салуу.
Бул өзгөртүүлөрдүн бардыгы — Президенттин «Мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгы менен бекемделген дебюрократизация курсунун бир бөлүгү.
Алгачкы жыйынтыктар бар: Саламаттык сактоо министрлиги онкологияны диагностикалоо жана дарылоо боюнча эки лицензия берди.



