Коом
7-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 7-октябрда өлкөнүн бардык аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
— Чүй облусунда: +16…+21°С
— Талас облусунда: +15…+20°С
— Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында: +20…+25°С
— Ысык-Көлдө: +14…+19°С
— Нарын облусунда: +14…+19°С
Бишкек шаарында күндүн табы +18…+20 градуска чейин жетет.



