
Президент Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагындагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бир катар макулдашууларга жетишилди.
Анын ичинде, Бишкек-Будапешт-Бишкек түз аба каттамын ачууну тездетүү маселеси бар. Бул биздин жарандардын Европага түз чыгуусуна мүмкүнчүлүк берет. Аталган каттамды бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү, студенттер дагы жигердүү пайдаланат деген ишеним бар.
Экинчиси, КР жарандарын Венгрияда ишке орноштурууну акырындык менен 5-7 миңге чейин жеткирүү жагы макулдашылды.
Үчүнчүсү, кыргызстандык студенттер үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында окуу үчүн бюджеттик квота 200 орун деп дагы бир ирет тастыкталды.
Ошондой эле Кыргыз-венгр өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн активдештирүү боюнча макулдашуу жетишилди. Бүгүнкү күндө бул фонддун уставдык капиталы 16 млн доллар. Келечекте уставдык капиталдын суммасы дагы жогорулайт.
Эртең жогорку денгээлдеги сүйлөшүүлөр улантылат. Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуу күтүлүүдө.



