Коом

Муфтият зыяратчыларды эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы эмдөө сертификаты жок жарандар ажылыктын тизмесинен чыгып калышы мүмкүндүгүн эскертти.

Муфтияттын маалыматына караганда, 2019-2023-жылдар ичинде ажылыктын электрондук базасына катталып, кезек күтүп турган талапкерлер Сауд Аравия королдугунун Саламаттык сактоо министрлигинин талаптарына ылайык, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификаты талап кылынат жана ар бир ажылыкка баруучу талапкердин делосуна тиркелүүсү зарыл.

Муну менен катар төмөнкү дарылардын бирөөсү менен эмдөөдөн өткөндүгү боюнча сертификаты талап кылынат: 1-Pfizer-BioNTech, 2-AstraZeneca, 3-Moderna, 4-Janssen, 5-Sinopharma, 6-Sinovac, 7-Sputnik V, 8-Covaxin, 9-Nuvaxovid, 10-Covovax.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга быйыл 6 миң квота бөлүнгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button