Кыргызстанда маданий мурастарды коргоо чаралары күчөтүлүп, жерлерди өздөштүрүү процесси жөнөкөйлөштүрүлүүдө

Кыргызстанда тарыхый-маданий мурастарды коргоо тартибин өзгөрткөн мыйзам кабыл алынды. «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда жактырылды.
Буга чейин археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө бюрократиялык тоскоолдуктар кезикчи. Тарыхый мурастар кездешүүсү мүмкүн болгон жерлер алдын ала аныкталган эмес. Ошондой эле археологдордун ишин каттоо жана көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү тартип жок болгон. Мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү начар координацияланган. Мунун баары убакытты талап кылган тоскоолдуктарды жараткан жана курулуш менен жер пайдалануу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну татаалдаштырган.
Мыйзамдагы өзгөртүүлөр курулуш, жол куруу жана жер өздөштүрүү иштеринде, ошондой эле тың жерлерди өздөштүрүүдө жана карьерлерди иштеп чыгууда, өзгөчө инженердик-изилдөө жумуштары жана жер тилкелерин трансформациялоо этабында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү тартибин жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө багытталган.
Эми ыйгарым укуктуу орган тарыхый мурастардын табылуусу мүмкүн болгон аймактардын тизмесин түзүп, расмий бекитет. Бул аймактарда археологиялык изилдөө жүргүзүү милдеттүү.
Үйлөрдү, жолдорду куруп жаткан же жер тилкелерин трансформациялоо иштерин, ж.б. жумуштарды жүргүзүп жаткан мекемелер изилдөөлөрдү өз эсебинен жүргүзүп, аларды ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга милдеттүү.
Эгер мындай иштердин жүрүшүндө маданий мурастар табылса, аларды сактап калуу үчүн иштер убактылуу токтотулат же толугу менен токтотулат.
Бул тизмеге кирбеген аймактарда археологиялык изилдөө жүргүзүү талап кылынбайт, бул жерлерди өздөштүрүү процесстерин бир кыйла жеңилдетип жана ылдамдатат.
Археологиялык казууларды жүргүзүүнүн тартибине да өзгөрүүлөр киргизилди. Эми археологиялык иштерди жүргүзүүдө, мурда Тарых институту берген уруксат эмес, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү — «Ачык барак» болгон учурда гана мүмкүн. Археологдор үчүн каттоо, отчет берүү жана жоопкерчилик тартуу боюнча так тартип киргизилет.



