Окуялар

УКМК: Баткен облусунун МАИ кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан тиешелүү иштерди уюштуруунун жүрүшүндө Баткен облусттук ИИБ Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан системалуу түрдө пайдаланып, транспорт каражаттарынын айдоочуларынан, анын ичинде жол кыймылынын эрежесин бузгандардан административдик протоколдорду түзбөгөндүгү жана административдик айып пул салуу үчүн опузалап акча өндүрүүгө туруктуу коррупциялык схема уюштуруп алгандары аныкталды.

Топтолгон текшерүү материалдарынын негизинде Баткен ОИИБнин Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлерине КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголду, анын алкагында сот органдарынын санкциясынын негизинде атайын тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп, анын натыйжасында Баткен облусттук ИИБ Жол-кайгуул кызматынын 9 кызматкеринен пара алуу фактылары аныкталган, анын ичинде Р.у.И. 2000 сом, Ш.З.З. 1500 сом, С.У.М. 3000 сом, С.3.А. 3000 сом, Э.Б.А. 2000 сом.

2024-жылдын 24-январында Баткен-Раззаков унаа жолунун айыл аймагындагы тилкесинде, Баткен районунун Көк-Таш айылында кезектеги мыйзамсыз акча алуу учурунда Баткен ОИИБнин жол кайгуул кызматынын кызматкерлери милициянын старшинасы Т.А.К жана Ю.Б. кармалды.

Белгилей кетсек, кармалган милиция кызматкерлери өлкөнүн укук коргоо жана коопсуздук блогунун кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн колдоого жана стимулдаштырууга багытталган өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка ылайык,

 Белгилей кетсек, өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка ылайык, Баткен облусунун чек ара аймактарында кызмат өтөп жаткан өлкөнүн укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн стимулдаштырууга багытында, Баткен облусунун чек ара аймактарында кызмат өтөшөт, Баткен облусуна которулган учурдан тартып, башкача айтканда, 2023-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейин жогорулатылган эмгек акы (ай сайын 70 миң сомдон) төлөнгөнүнө карабай, бул жагдайга көңүл бурулбай, экинчиси туура баалабай, жогоруда аталган жыйынтыкка алып келгендигин айтып кетсек болот.

Азыркы учурда, бул кылмыш ишинин алкагында тиешелүү материалдардын алкагында бул коррупциялык схемага катыштыгы болуп, кармалган адамдардын, анын ичинде Баткен облусунун Жол кайгуул кызматынын башка кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин документтештирүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button