Коом
Бишкекте өзүнө өрт койгон жаран селсаяк болгон

Бүгүн, 28-февралда саат 16:00 чамасында Киев менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши өзүнө өрт койгон. Ал клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган.
Шаардык ооруканадан жаран тууралуу кыскача маалымат таратты. Маалыматка караганда, ал селсаяк болгон жана өзүнө өрт койгон учурда кандайдыр бир зат колдонгон болушу мүмкүн.
Буга чейин Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов жабырлануучунун денеси болжол менен 30 пайыз күйгөнүн айткан. Ал эми Сверлов РИИБ окуя боюнча териштирүү иштерин баштаганын билдирди.



