Коом

Кадамжайда милиция кызматкери аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөттү

Кадамжай РИИБдин Жаникул Садиров атындагы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Кыргыз-Кыштак айыл аймагына караштуу Ташыбек Тургунов атындагы орто мектебинде окушкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын тизмесин такташкан. Анын негизинде милициянын улук лейтенанты Тажидин Сатыбалдиев аз камсыз болгон үй-бүлөгө өз ыктыяры менен жардам берүүнү чечип, өз каражатына азык-түлүк алып, жеткирип берген.
Жардам берилген үй-бүлөдөгү үй ээси менен үй кожейкеси эч жерде иштешпейт. Анткени үй ээси ден-соолугуна байланыштуу иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Анын жубайы болсо, 3 баланы багууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button