Коом

№39 мектеп-гимназиясы 45 жылдан бери биринчи жолу капиталдык оңдоодон өттү

Борбор калаанын 6-кичирайонундагы №39 мектеп-гимназиясы 45 жылдан бери биринчи жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Учурда курулуш иштери 85%га бүтүп, объекттин ачылышы жакынкы күндөрү пландалып жатканын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мектеп-гимназия 1200 окуучуга ылайыкташып, үч кабаттуу класстык корпустан, актовый залдан, китепканадан жана спорт залдан турат. Оңдоо иштеринин алкагында имарат толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, заманбап талаптарга ылайык жабдылып жатат. 6580 чарчы метр аянтты ээлеген жылуулук, суу менен камсыздоо жана жарыктандыруу системалары толугу менен жаңыланды.

Ошондой эле мектеп аянтчасында чоңдор жана балдар үчүн атайын спорт аянтчалары менен бирге дүйнөлүк стандартка жооп берген футбол, волейбол, баскетбол аянтчалары да курулууда.

Эскерте кетсек, мектептин биринчи корпусу 1961-жылы, экинчиси 1984-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин билим берүү мекемеси капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

Тектеш кабарлар

Back to top button