Өкмөт 2026-жылга консолидацияланган бюджети 843 миллиард сомдон ашат деп пландоодо

Республиканын 2026-жылга карата консолидацияланган бюджети 843 миллиард сомдон ашык деңгээлде пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.
Жыйында келерки жылдын бюджетинин долбоору каралды.
Анын айтымында, Министрлер кабинети 2026-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 1 триллион сомдон ашырууга аракет кылат.
Берилген маалыматтарга ылайык, консолидацияланган бюджеттин кирешелери 551,2 миллиард сом, ал эми чыгашалары 550,8 миллиард сом өлчөмүндө бекитүү сунушталууда. Муну менен бийлик 2026-жылды 400 миллион сомдон ашык профицит менен жыйынтыктоону көздөп жатат.
Бюджеттин түзүмүндө салыктык түшүүлөр 460,8 миллиард сомду түзөт.
Анын ичинен Мамлекеттик салык кызматына 318,2 миллиард сом жыйноо милдети коюлса, Бажы кызматына 142,6 миллиард сом жыйноо тапшырылды.
Консолидацияланган бюджеттен 230 миллиард сомдон ашык каражат социалдык тармакка, 183 миллиард сомдон ашыгы экономиканын реалдуу секторуна багытталат.
Анын ичинде капиталдык салымдарга 27,7 миллиард сом каралып, инфраструктуралык долбоорлорго, анын ичинде Барскоон—Бедел жолунун курулушуна, 17 миллиард сомдон ашык каражат бөлүү пландалууда.
Адылбек Касымалиев ошондой эле 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн өсүшү 10,8 пайызды түзгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул көрсөткүч Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ичиндеги эң жогорку натыйжа болду.
Министрлер кабинети 2026-жылы да экономикалык өсүштүн ушундай эле темпин сактап калууну көздөйт.



