Коом

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кыргыз-тажик чек арасын ачуу макулдашылды деген маалыматты төгүндөдү

Буга чейин тажикстандык ЖМКлар Согд облусунун губернатору Раджаббой Ахмадзода Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев менен жолугушууда чек араларды ачууга келишишкени тууралуу айтканын жазган. 

Облустагы өкүлчүлүк июль айында жолугушуу болгонун, ага Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы да катышканын билдирди. 

“Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы мамлекеттик деңгээлде эки тараптуу чечилүүчү маселе. Учурда өкмөттөр аралык комиссия чек араны тактоо жумуштары боюнча активдүү иш алып барууда. Ошондуктан биринчи кезекте эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин аягына чыгуу, экинчи кезекте чек араны ачуу маселесин этап-этап менен кароо, ар тараптуу байланыштарды чыңдоо маселелери турат”, — деп айтылат маалыматта. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button