Коом

24-апрелге карата аба ырайы

Жума күнү республиканын көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ал эми Баткенде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +19…+24, Талас жергесинде +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көлдө +14…+19, Нарын өрөөнүндө +13…+18 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ошто жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +20…+22, Ошто +24…+26 градуска жетет.

Тектеш кабарлар

Back to top button