Спорт

Кыргызстанда 12 өлкөдөн келген спортчулар арасында мелдеш өтөт

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 29-апрель күнү Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Таджикистан, Орусия, Германия, Ирак, Азербайжан, Монголия, Түркмөнстан, Беларусия жана Испаниядан келген 200дөн ашык спортчу келери күтүлүүдө.

Мушкерлер 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 килограммга чейинки салмак категорияларында күч сынашат.

Мелдеш 3-май күнү жыйынтыкталат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button