Коом
Президенттин иш башкармалыгы инвестор менен биргеликте кофекана курууну көздөп жатат

Ал Манас проспектиси менен Токтогулдун кесилишинде болмокчу. Кеп Мамкурулушка тиешелүү унаа токтотуучу жай тууралуу болуп жатат.
Инвестор долбоорго 40 млн сом салышы керек. Жер ага 10 же 15 жылга ижарага берилет. Имарат келечекте ижарага берилип же маморган жайгаштырылышы мүмкүн экени айтылууда.
Бийлик бул кофекана «шаарды өнүктүрүү, өнөр жайды жана жумуш орундарын көбөйтүүгө шарт түзөт» деп эсептейт.



