Окуялар
Чүйдө жүк ташуучу унаа жеңил машинаны коюп кетти. 2 адам ооруканага кайрылган

Бүгүн, 28-июлда Чүйдөгү катталган жол кырсыктын видеосу тараган. Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан маалымат беришти.
28-июль күнү саат 10:00 чамаларында КамАЗ үлгүсүндөгү унаа чиркегичи менен күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жатып, Бишкек-Кант унаа жолунун 14-чакырымынан жол чыракка баш ийбей, өтүп бара жаткан учурда Заречная көчөсү менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан Тойота RV-4 үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн.
Жол кырсыктын кесепетинен КамАЗдын 1989-жылы туулган айдоочусу жана Тойота RV-4 унаасынын 1998-жылы туулган Кант шаарынын оорукансына кайрылган. Азыркы учурда окуя болгон жерде жол тескөөчүлөр иш алып барып жатышат.


