Коом
Венада Улан Ниязбеков Россиянын тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

Венада (Австрия) өтүп жаткан БУУнун Баңги каражаттар боюнча комиссиясынын (ББК) 67-сессиясынын жогорку деңгээлдеги сегментинин алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбековдун Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улан Ниязбеков эки тараптуу тартипте гана эмес, өзгөчө ЖККУнун, ШКУнун, БУУ БКБнын жана Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Борбордук Азия региондук маалыматтык координациялык борборунун алкагында көп тараптуу кызматташуу форматында да динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, ИИМдин башчысы белгилегендей, учурда Россия Федерациясынын каржылоосу менен БУУ БКБнын баңгизаттарга каршы күрөшүүдө жаңы технологияларды киргизүү боюнча долбоору ишке ашырылууда, анын бюджети 1 миллион 800 миң акш долларын түзөт.
Долбоордун аркасында Кыргызстан баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы турууда учкучсуз учуучу аппараттарды ийгиликтүү колдонгон аймактагы алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп саналат.
Бул долбоорду ишке ашыруу учурунда ички иштер министрлиги Россиянын, Белоруссиянын профилдик ведомстволору менен өз ара аракеттенүүдө жана кызматташтыкта учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча бир топ бай тажрыйбага ээ болду.
Тараптар кылмыштуулук менен күрөшүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу аспектилерин талкуулашты. Кыргыз-орус мамилелерин стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде мындан ары чыңдоого карата өз ара мамиле ырасталды.



