Коом
Садыр Жапаров Италияга болгон иш сапарынын алкагында өлкө башчысы Серджо Маттарелла менен жолукту

Анда Жапаров Кыргызстанды ар бир жаран жана чет өлкөлүк, ал тургай чет өлкөлүк инвестор өзүн толук коопсуз сезип, өз ишин тынч жүргүзө ала турган өлкөгө айлантууга умтула турганын айткан.
Президент бул Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы акыркы 25 жыл ичиндеги биринчи жогорку деңгээлдеги жолугушуу экенин белгилеп, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн потенциал абдан чоң экенин айткан.
Президент Жапаров Серджо Маттарелланы өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
@abal-kg



