Коом

Бишкектеги Комсомол көлү таза суу менен толтурула баштады

Бишкекте Каражыгач багындагы Комсомол көлү таза суу менен толтурула баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкекжашылкурулуш» ишканасынын кызматкерлери көлдүн түбүн механикалаштырылган жана кол менен тазалоо, ошондой эле учурдагы скважиналарды жана канализация системасын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.

Учурда “Бишкекасфальтсервис” ишканасынын адистери көлдүн айланасындагы тротуарларды асфальттоодо.

Белгилей кетсек, бул жасалма көл жана өзүн-өзү тазалоо системасы жок. Акыркы жылдары көлдү толтуруу үчүн суу ЧЧКдан алынса, быйыл скважинадан таза суу толтурулуп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button