Коом
1-февралга карата аба ырайы
Бейшембиде Чүй, Талас, Жалал-Абадда күндүн биринчи жарымында айрым жерлеринде, күндүн экинчи жарымында көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Ал эми 1-февралга караган түнү Ысык-Көл өрөөнүнүн айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад регионунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Жолдор тоңуп тайгак болот.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөнүндө 0…-5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1…+6, Ысык-Көлдө -4…+1, ал эми Нарында -7…-12 градус суук болот.
Бишкекте күндүн экинчи жарымында кар жаайт. Күндүн табы борбор калаада -1…-3 градус болсо, Ош калаасында +1…+3 градуска көтөрүлөт.



