Коом
Ош шаарынын тургундары үчүн кубанычтуу кабар!

Президент Садыр Жапаров Ошто шаар калкын таза суу менен камсыз кылган жаңы суу алуучу жайды ишке киргизди.
Ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөт. Долбоордун баасы 194 миллион сомго айланды.
Бул көйгөйдү чечүүнү мамлекет башчы бир ай мурдараак тапшырган эле. Мурда сел жана жамгыр учурунда ачык суу сактагычтын — Ак-Буура дарыясынан пайдаланылган суусу булганып, суу берүү токтотулуп келген. Азыр маселе чечилгени айтылды.




