Коом
Оштун дүкөндөрүндө Афганистанда жасалган “Золотая жизнь” суусундугу сатуудан алынууда

Мындай буйрукту Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаменти чыгарган. Лабораториялык изилдөөлөр суусундуктун курамында балдардын жүрүм-турумуна жана көңүл буруусуна терс таасир тийгизген азорубин Е 122 боегу бар экени аныкталган.
Соодагерлерге аталган продукцияны сатууга тыюу салуу боюнча көрсөтмөлөр берилүүдө.



