Коом

Кадамжайда милиция кызматкерлери Айдаркен сымап комбинатынын жумушчулары менен жолугушту

Кадамжай РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Айдаркен шаарындагы Айдаркен сымап комбинатына барышып, ал жерде иштеген жарандар жана инвесторлор менен жолугушту. Комбинаттын жетекчиси Толубай Салиев менен биргеликте жолугушууну өткөрүшкөн милиция кызматкерлери кылмыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин алып барышып, берилген суроолорго жооп беришти.
Андан сырткары, Айдаркен шаарында жергиликтүү тургундарды дагы жеринен кабыл алышып, юридикалык жактан кеңештерди беришти. Милиция кызматкерлерине жарандардан эки кайрылуу түштү. Эки кайрылуу тең, жол кыймылынын коопсуздугуна тиешелүү болгондуктан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер бул багытта жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, кооптуулук жаратпаш үчүн жолдорго жол белгилерин орнотуп берүүлөрүн суранышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button