Коом

Кыргызстанда Орозо качан башталары айтылды

2026-жылы ыйык Рамазан айы (Орозо айы) алдын ала маалыматтарга ылайык 18-февралда башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кадыр түн (Ляйлатуль-кадр) 16-марттан 17-мартка караган түнү болот деп күтүлүүдө. Адатта ал Рамазан айынын 27-түнүнө туура келет.

Орозо айт — орозо айын жыйынтыктаган майрам — алдын ала 20-мартта белгиленет. Бул күнү мусулмандар айт намазын окушат.

Рамазан айынын башталышы жана аягы ай календарына ылайык, жаңы чыккан айды байкоодон кийин аныкталат. Бардык даталар алдын ала болуп саналат жана муфтият тарабынан расмий түрдө тастыкталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button