1-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 1-октябрда түндө Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусу түнкүсүн +5…+10 күндүз +10…+15 кечке жуук +2…+7
Талас облусу түнкүсүн +5…+10 күндүз +16…+21 кечке жуук +1…+6
Баткен облусу түнкүсүн +9…+14 күндүз +21…+26
Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +11…+16 күндүз +22…+26
Ысык-Көл облусу түнкүсүн +5…+10 күндүз +15…+20
Нарын облусу түнкүсүн +3…+8 күндүз +17…+22
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жамгыр жаашы мүмкүн, кечке жуук жамгыр карга айланышы ыктымал. Түнкүсүн абанын минималдуу температурасы 7…9°, күндүз абанын максималдуу температурасы 12…14°, кечке жуук 4…6° болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн. Түнкүсүн абанын минималдуу температурасы 8…10°, күндүз абанын максималдуу температурасы 18…20° болот.



