Коом
Кыргызстанда дагы 12 кишиден коронавирус чыкты. Жалпы 228ге жетти

Республикада коронавирус аныкталып каза тапкан бейтаптардын саны төрткө жетти. Төртөө тең чет мамлекеттен келгендер.
Кыргызстанда дагы 12 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифингде билдирди.
Ушуну менен бейтаптардын жалпы саны 228ге жетти.
«Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусун жуктурган 12 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен 3 эркек жана 9 аял. Баары Ош облусунда обсервацияда болчу», — деди Абдикаримов.
Abal.kg



