Коом

Коронавирус. 376 адамдан аныкталып, дагы 8 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 27-майга карата коронавирус дагы 376 адамдан аныкталып, дагы 8 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкекте – 238,
Ош шаарында – 17,
Чүй облусунда – 66,
Ош облусунда – 14,
Талас облусунда – 4,
Нарын облусунда – 5,
Ысык-Көл облусунда – 21,
Жалал-Абад облусунда – 9,
Баткен облусу – 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир сутка ичинде 386 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 1, Нарын облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 614 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 11 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1108 бейтаптын абалы орто оордукта, 404 адамдын абалы оор жана 84 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 632 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 553 медкызматкер айыккан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 103 миң 583 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 97 миң 151 киши айыгып чыкса, 1 миң 781 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button