Окуялар

Караколдо банк өрттөндү. ФОТО

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы банктан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

«Бүгүн таңкы саат 07:10 чамасында Каракол шаарындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан “Дос Кредо” банктын кеңсесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бригада тартылып, өрт саат 07:27де чектөөгө алынып, саат 08:05де толугу менен өчүрүлдү. Жалпысынан 2 чарчы метр имараттын ичи жана бир пластик терезе күйгөн«, — деп билдиришти ӨКМдан.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button