Коом

Түркияга жардам. Кыргызстандын мамлекеттик орган кызматкерлери бир күндүк маянасын которууда

. Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк маяналарын материалдык жана каржылык жардам катары которууну улантууда.

Бир күндүк эмгек акысын төмөнкү мамлекеттик органдар которду:

— КР президентинин администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери;
— КР Финансы министрлигинин кызматкерлери;
— КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлери;
— КР Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери;
— Бишкек мэриясынын аппарат кызматкерлери;
— Жогорку Кеңештин депутаттары (эки күндүк маянасын);
— Бишкек акимчилигинин кызматкерлери;
— Бишкек шаарынын саламаттык сактоо башкармалыгынын кызматкерлери;
— Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;
— Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери;
— Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин кызматкерлери;
— Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери;
— Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери;
— Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;
— Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;
— Коргоо министрлигинин кызматкерлери;
— Президенттин иш башкармалыгына караштуу «Учкун» ААКнын эмгек жааматы:
— Билим берүү жана илим министрлигинин эмгек жамааты;
— Улуттук статистика комитетинин эмгек жааматы;
— Энергетика министрлигинин эмгек жамааты;
-“ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын эмгек жамааты;
— Жалал-Абад шаардык мэриясынын эмгек жамааты;
— ОшМУнун жамааты;
-Юстиция министрлигинин эмгек жамааты.

— К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жалпы жамааты;

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button