ИИМ жарандарды коррупция тууралуу билдирүүгө чакырат

Ички иштер министрлиги коррупцияга каршы күрөшүүгө, мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана коомдо коррупциялык көрүнүштөргө карата чыдамсыздык принциптерин калыптандырууга багытталган комплекстүү чаралар ырааттуу түрдө ишке ашырылып жатканын билдирди.
Ведомство пара алуу, пара берүү жана пара алууда ортомчулук кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коррупциялык кылмыштар болуп саналарын эске салды.
«Мындай мыйзамсыз аракеттер мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугуна зыян келтирип, жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимин төмөндөтөт жана мыйзамдын үстөмдүгүнө коркунуч жаратат», — деп айтылат маалыматта.
Милиция жарандарды кандай гана жагдай болбосун мыйзамсыз материалдык сый акы сунуштабоого жана талап кылбоого, ошондой эле коррупциялык фактылар тууралуу укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырды.



